Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Жаштар олимпиадасындагы кыргызстандыктардын алгачкы ийгилиги


Сингапурда өтүп жаткан Жаштардын I олимпиадасында Кыргызстандын эсебине бир алтын жана бир коло медалы кошулду. Маселен,
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык Шадыбек Сулайманов кубалык атаандашын утуп, үчүнчү орунду ээледи. Урмат Аматов украиналык балбан Александр Литвиновду жеңип чыгып чемпион болду. Бул кыргызстандык спортчулардын Сингапур олимпиадасындагы алгачкы ийгиликтери.

14-августта башталган олимпиадага Кыргызстандын атынан сегиз жаш спорту катышып жатат. Спорттун 29 түрү боюнча олимпиадалык таймашуулар 26-августка чейин созулат. Олимпиадада эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3,5 миңден ашуун спортчулар мөрөй талашмакчы.(AzK)

XS
SM
MD
LG