Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Казакстан, АКШ, Британиянын биргелешкен аскерий машыгуусу башталууда


Казак коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, быйыл сегизинчи ирет өтүп жаткан машыгууга Казакстандан 1000ден ашуун аскер кызматчысы тартылат. “Талаа бүркүтү” деп аталган машыгуу бүгүн башталууда жана ал он күнгө созулат. НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында өтүп келе жаткан аскерий машыгууда Казакстан, АКШ, Британия Борбор Азияда тычтыкты сактоодо кандай кызматташа аларына көңүл бурулат. Британиянын Казакстандагы элчилигинин аскерий атташесинин (Simmon Fitzgibbon) айтымында, быйылкы машыгуу Казакстанга келечекте НАТОнун, балким БУУнун тынчтыкты кармоо миссияларына кошулууга мүмкүндүк бергидей аскер күчүн даярдоосуна жардам көргөзүү максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG