Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Түркия менен мамилеси бузулган Израилдин премьер- министри бүгүн Грекияга келет


Биньяминь Нетаньяхунун Афинада бүгүн башталып жаткан визити Израилдин Грекия менен алакасын жакшыртуу максатын көздөйт. Иш сапар Түркия менен мамилеси бузулган соң Израиль Жер ортолук деңиздин боюнан жаңы өнөктөш издөөдө деген маалыматтар айтылып жаткан учурга туш келди. Грекиянын узактан берки атаандашы Түркиянын Израиль менен алакасы өзгөчө быйыл майда орун алган окуядан кийин бузулду. Анда Израилдин аскерлери Газа секторуна гуманитардык жардам алып бара жаткан кемелердин кербенине кол салганда, тогуз түрк жараня мерт болгон эле. Жөөт жана грек расмий өкүлдөрүнүн айтымында, алар эки өлкөнүн соода жана коргонуу чөйрөсү боюнча кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө ниеттенишүүдө. Грек премьер- министри Георгиос Папандреу Израилде иш сапары менен өткөн айда болгон.

XS
SM
MD
LG