Бул тууралуу АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Дэвид Петреус билдирди:
-Бул жараян башталуучу мөөнөт шартка байланыштуу. Эгер жагдай жол берсе, биз милдеттерди ооган кесиптештерге, коопсуздук күчтөрүнө жана өкмөттүк институттарына өткөрөбүз. Бул күчтөрүбүздү жоопкерчилик менен чыгарууга мүмкүндүк берет.
АКШ президенти Барак Обама америкалык аскерлер Ооганстандан чыга баштоочу мөөнөт катары мурдараак 2011-жылдын июль айын атаган.
Генерал Петреус Эй-Би-Си телеканалындагы маегинде ошондой эле ооган согушунда жылыш болуп жаткан аймактар бар экенин кошумчалады. “Ал-Каида” лидери Усама бин - Ладендин кайда жашынып жүргөнү анык эместигин, бирок аны кармоо контртеррордук операциянын баштапкы максаты экенин белгиледи.