Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Жапонияда экономикалык өсүш кыйла солгундады


Бүгүн жарыяланган расмий маалыматка караганда, Жапониядагы экономикалык өсүш быйылкы жылдын экинчи чейрегинде кыйла солгундады. Жапон өкмөтүнүн эебинде, апрель- июнь айларынын аралыгында Улуттук дүң өндүрүш 0,4%га гана өскөн. Бул - мурда күтүлгөндөн төмөнкү көрсөткүч. Мунун алдында жарыяланган маалыматтар Жапониянын башкы экономикалык атаандаштары Германия менен АКШдагы экономикалык өсүш дурус экенин көргөзгөн. Маселен быйылкы жылдын экинчи чейрегинде, өкмөттүн эсебинде, экономика Германияда 2,2%, ал эми АКШда 2,4%га жогорулаган. Аналитиктердин айтымында, Жапониянын жаңы маалыматтары анын ордуна дүйнөнүн АКШдан кийинки экинчи ири экономикасынын ордун Кытай ээлерин каңкуулоодо.

XS
SM
MD
LG