Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:47

Ген.Петреус: АКШнын ооган стратегиясын азырынча баалоо эрте


АКШ армиясынын генералы, Ооганстандагы эл аралык коалициянын аскердик күчтөрүнүн жетекчиси Дэвид Петреус америкалык «Пресса менен жолугушуу» программасына берген маегинде талиптер менен кармаш бирде өйдө, бирде төмөн нукта жүрүп жаткандыгын айтып, азырынча согуш аракеттери канчалык ийгиликтүү экендигин аныктоонун эртелигине токтолду. Ошондой эле президент Обама койгон мөөнөттө 2011-жылдын июль айынан баштап америкалык күчтөр чыгарыла баштаарын так айтуу али белгисиз экендигин айтты. АКШнын коргоо министри Р.Гейтс «Лос Анжелес Таймс» гезитине «биз 2011-жылы аскердик күчтөрдү чыгара тургандыбыз тууралуу эч кимде эч кандай суроо болбойт», деп айтты.

XS
SM
MD
LG