Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Казак, Британ, АКШ күчтөрү 10 күндүк аскердик машыгууларды өткөрөт


Үч өлкөнүн аскердик күчтөрү биргелешкен «Талаа бүркүтү» деген аталыштагы машыгуу Алматы калаасынын айланасында өтөт. Казакстандын коргоо министринин билдирүүсүндө 1 миңден ашык аскерлер анын ичинде Казак аскердик күчтөрүнүн тез аракеттенчү тобу катышат. Мындай машыгуулар НАТОнун Тынчтык үчүн кызматташтык программасынын алкагында жылына өткөрүлүп, ага бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат. Британ коргоо министри Рейтер агенттигине бул жылкы машыгуунун максаты казак аскердик күчтөрүн Улуттар Уюмунун бейкуттуктуу камсыз кылуу миссиясынына катышууга даярдоону көздөөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG