Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Орусия өзөктүк өндүрүшү бар аймактагы өрттү басты


Расмий тараптар Орусиядагы жашыруун өзөктүк өндүрүш бар жерлер көзөмөлдө экендигин билдирди. Чукул кырдаалдар министринин Волга регионундагы башчысы Игор Паншин Саров шаарчасынын аймагында өрт очогу жок экендигин тастыктады. Буга чейин Орусиянын Саров шаарчасындагы башкы өзөктүк иликтөөлөр борбору бир топ кооптонууну жаратып жаткан. Чукул кырдаалдар министри өрт каптаган аймактар 8 миң гектарга азайганын маалымдады. Өрт күчөп турганда жалын 2 миң гектарга чукул аймакты каптаган. Элүүдөн ашуун киши өлгөнү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG