Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Ирактагы аскерге алчу борборго кол салууда ондогон адамдар өлдү


Багдаддагы аскерге чакырылгандарды каттаган борборго кол салуудан ондогон адамдар өлүп, жүздөгөн киши жарадар болгону маалымдалды. Армиянын маалымат катчысы 39 киши өлүп, 57 киши жарадар болгондугун айтты. Башка дагы расмий тараптар 50дөн ашык киши өлгөнүн, 100дөн ашуун жарадар болгондор бардыгын билдирүүдө.
Салех Азиз аттуу аскерге алынып жаткан адам жарадар болуп ооруканада жаткан жеринен «Рейтерс» агенттигине
«Биз Ал Мидан аймагында турганбыз. Бомба жарылганда армиянын офицерлери биздин аты жөнүбүздү каттап жатышкан», деди.
Эгер бул окуя чын эле жардыруу экендиги тастыкталса, анда соңку жумаларда Иракта болгон эң кандуу жарылуу болуп саналат.

XS
SM
MD
LG