Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Иракта жардыруудан өлгөндөрдүн саны 47 адамга жетти


Бүгүн таң эртелеп Багдатта армияга кызматка алган борбордо катуу жардыруу болуп, андан кеминде 47 адам набыт болду. Дагы 100дөй киши жаракат алган. Армияга кызматка келгендер кезекте турганда жанкечти өзүн-өзү жардырып жибергени айтылууда. Өлкөнүн аскерий жетекчилиги бүгүн терактты "Ал-Каида" жасаган деп билдирди. Иракта быйыл мартта өткөн парламенттик шайлоодон бери зордук-зобун кайра күчөгөнү айтылууда. Коалициялык өкмөттү түзүү узакка созулган саясий кризиске алып келди.

XS
SM
MD
LG