Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Жалал-Абаддагы болочок дарыгерлер Бишкектеги окуу жайларга которулат


17- августта вице- премьер У. Абдуллаева облустун бийлик өкүлдөрү жана өткөн окуяларда жабыр тарткандардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда облус калкын түйшөлткөн маселелер талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында А. Батыров атындагы “Элдердин Достугу “ университетинин медициналык факультетинин 150 студентин Бишкектеги Медициналык академияга жана Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине которуу чечими кабыл алынды. Бул тууралу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Болочок дарыгерлер жеңилдетилген арызы аркылуу аталган окуу жайларга которула алышат, анткени башка иш- кагаздар июнь айындагы окуяларда окуу жайдын имараты менен кошо өрттөнүп кеткен. Облустук бийликтин маалыматында “ Элдердин Достугу” университетинде баш аламандыктар башталганга дейре 1500дөн ашык студент катталган. Окуу жайдын ээси деп саналган парламенттин мурдагы депутаты К. Батыров белгисиз жакка качып кеткендиктен ага издөө жарыяланган. (YA)

XS
SM
MD
LG