Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Кыргызстанда быйыл буудай тартыштыгы болбойт


Кыргызстан калкына жалпысынан миллион тоннадан ашуун буудай керек болсо, быйыл 870 миң тоннанын тегерегинде буудай жыйналат деп күтүлүүдө. Айыл чарба министрлигинин дыйкан чарбаны өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Моресбек Алымбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, быйыл буудай таңкыстыгы болбой тургандыгын кабарлады. Анын айтымында, быйыл дыйкандардан буудайдын килограммы он сомдон сатылып алынат. Ошондой эле оруп-жыйноо иштерине Орусиядан 20 миң тонна күйүүчү жана майлоочу май келе турганын ачыктады.

- 10-августка карата 62,5 пайыз жер аянттарын оруп-жыйноо иштери бүтүп калды. Жалпы 24,6 центнерден айланды. Анын ичинен буудай 61,7 пайызга жыйналып бүтүп калды, түшүмдүүлүгү 25,7 центнерден айланып атат. Былтыркыга салыштырмалуу 4, 9 центнерге аз болду. Бирок жалпы божомолдуу 8700 тоннананын тегерегинде күтүп атабыз.

-Жалпысынан Кыргызстан калкына канча тонна буудай керектейт жылына?

- Жалпысы 1 млн. 100 миң тоннанын тегерегинде бизге керек. Бирок былтыркыдан көп буудай калып атат. Андан тышкары Кыргызстанга 161 миң тонна тартылды, кайра иштетүү заводдорунун келишимдери бар 150 миң тоннага. Ошону менен буудай менен проблема болбойт деп ойлойбуз.

- Соңку учурдагы кургакчылыктын айынан Орусия дагы өзүнүн буудайга болгон экспортун токтотподубу. Ошого байланыштуу айырм эксперттер айтып атат, Казакстан дагы буудайдын баасын көтөрүшү мүмкүн деп. Бул Кыргызстандагы ун, дан азыктарынан жасалган азык-түлүктү ошол эле ундун баасынын кескин көтөрүлүп кетишине алып келиши мүмкүнбү?

- Өтө көтөрүлүп кетиши мүмкүн эмес. Себеби өкмөт токтом кабыл алды, буудай менен ун экспортко 30 пайыздык бажы пошлина коюлду. Ошон үчүн биздин буудай эч жакка кетпейт, өзүбүздүн буудайыбыз өзүбүзгө жетет. Андан тышкары 40 миң тонна өкмөт сатып алат дыйкандардан. Ошону менен "ценевая интервенция" деп коет, ошону жасап баанын кескин көтөрүлүшүн токтотсо болот.

-Демек өзүбүздүн буудай өзүбүзгө жетет?

- Ооба, жетет. Бүгүнкүгө чейин киргизилди, дагы бир аз буудай бизге керек болот. Ошон үчүн анча-мынча буудай сатып алсак, ошону менен проблема болбойт бизде.

-Ушул убакка чейин дыйкандарга көңүл бурулбай, алардын түшүмдөрү сатылбай келатканы өзүңүзгө деле белгилүү. Ушул жаатында министрлик кандай иш чараларды өткөрүп атат?

- 2009-жылы өзүнүн актабай калды. Быйыл реалдуу баа болот. Буудай 10 сомдун тегерегинде болсо дыйкандарга жакшы болот. Быйыл облустар менен сүйлөштүк, 256 миң гектар тегерегинде күзгү буудай себебиз деп атышат. Бирок баа көтөрүлсө дыйкандар андан да көп себет деп ойлоп атабыз. Бир жылда эле буудайдын коопсуздугу камсыздалат.

-Демек министрлик 10 сомдон сатып алат да?

- Ооба, 10 сомдон сатып алган атат 40 миң тоннаны матрезерв аркылуу.

-Дыйкандар белгилеп атыптыр, бул башка региондордо деле байкалып атса керек күйүүчү-майлоочу майлардын жетишпей жаткандыгын. Министрлик ушул жагынан дагы жардамдарды берип атабы?

- Күйүүчү майлар май, июндун башында кичине проблема болгон. Азыр май бардык жерде бар. Баткенде бир аз кымбатырак, калган жерде май бар. Андан тышкары 3 миң тонна 27 сомдон бөлүнүп дыйкандар алып атышат. Андан тышкары Орусиядан 20 миң тонна келет, алар жардам берип атат, биринчи партия 1-2 күндүн ичинде келип калат. Күйүүчү майлар менен проблема болбойт.

-Ушуга чейин буудайды сактоого кампалар жетишсиздиги айтылды эле. Бул жаатта маселе кандай чечилип атат?

- Кайра иштетчү заводдордун кампалары жетиштүү. Бирок дыйкандардын кампалары жок болуп атат, чоң-чоң шаарларда эле болбосо. Бирок бул маселе боюнча иштеп атабыз. Кооперативдерди түзүп, сактай турган жерлерди жасаш керек.

- Буудайыңар сапатсыз деп эле министрликтен аябай арзан баада сатып кетишет деп айтышууда. Бул маселе кандай каралат?

- Анын үстүнөн да иштеп атабыз, консультацияларды берип атабыз жер-жерлерде. Региондор боюнча окууларды өткөргөнбүз, агротехниканы, жер семирткичтерди колдонуш керек, убагында себиш керек, сугарыш керек. Ошондо биздин деле буудайлар сапаты жакшы болот.

-Рахмат.

XS
SM
MD
LG