Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Апрель окуяларында жабыркаган ишкерлерге жөлөк пул бериле баштады


Бул тууралуу Экономиканы тескөө министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка караганда, «РСК-Банк» ачык акционердик коому апрель окуяларындагы экономикалык чыгымдарды аныктоо үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын тизмесине ылайык компенсацияларды төлөп бере баштады.

Эскерте кетсек, апрель окуяларында жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине 355 ишкерлик жайлар кирген болчу. Алардын жетимиш беши орто жана ири ишкерлик жайлар болсо, элүү алтысы товар ташуучулар, эки жүз жыйырма төртү киреге жай алып иштеткендер болгон. Эсептөөлөргө ылайык апрель окуялары учурунда ишкерлер 599 миллион сомдон ашык зыян тартышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG