Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Түркиянын Израилдеги элчилигиндеги барымта кризиси аяктады


Кечээ элчиликтин имаратында адамдарды барымтада алган кишини полиция кармады. Түркиянын тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, анда бычак, оюнчук тапанча жана бир канистр бензин болгон. Барымтачы Түркия ага саясий башпаанек берүүсүн талап кылган. Израиль тараптын билдиргенине караганда, кармалган адам Надим Инжаз ысымдуу палестин, Иордандын Баштыш жээгиндеги Рамалла шаарынын жашоочусу. Ал 2006-жылы британ элчилигине кол салганы үчүн түрмөдө жазасын өтөп, жакында эле бошонгон. 2006-жылкы кол салуу учурунда да ал саясий башпаанек берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG