Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-октябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

Түркиядан баш паанек издеген палестиналык кармалды


Түркиянын Израилдеги элчиканасына кирип барып, адамдарды барымтага алып, саясый баш паанек сурамак болгон палестиналык кармалды жана Израил бийликтерине өткөрүп берилди.

Израил полициясы бул адам Рамалла шаарынын тургуну Надим Инжас болгону, ал жакында эле абактан чыкканын маалымдады. Инжас төрт жыл мурда саясый баш паанек издеп, Британиянын элчиканасына чабуул жасаган экен.

Айыпкердин адвокатынын билдиришинче, Надим Инжас Израилдин ички чалгындоо агенттиги-Шин Бет менен кызматташкандыктан, аны Палестин тарап издеп жүрөт. Шин Беттин кабарлашынча, Инжас аны менен эч качан кызматташпаган.

XS
SM
MD
LG