Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Сузак районунун Топурак-Бел аймагында курал табылды


Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаевдин маалыматына таянып, президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош – Бишкек автожолундагы Топурак-Белден түшө бериштеги "Санпа" пахта заводунун айланасынан огу жок магазини менен Макаров үлгүсүндөгү пистолет табылды. Курал көк түстөгү пакетке оролгону кабарланууда. Аталаган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин “Санпа” ишканасынын тегерегинде 11-15-июнь күндөрү эки адам дайынсыз жоголуп, 16 адам каза болгону айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG