Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Франция мыйзамсыз жүргөн сыгандарды кетирүүдө


Француз өкмөтүнүн жарыясына караганда, ал өлкө аймагында мыйзамсыз жашап жүргөн 700дөй сыганды Румыния менен Болгарияга чыгара баштайт. Алардын 79у өз эрки менен кетүүгө макул болгондуктан учактын билети үчүн 383 доллардан төлөнүп берилет. Франциянын сыгандарды депортациялап жатышын адам укугун коргоочу топтор кескин сынга алды. Румыния да тынчыздануу билдирип, жогорудагыдай аракет ксенофобиялык маанайдын өсүүсүнө алып барышы мүмкүн экенин белгиледи. Француз өкмөтүнүн айтымында, алар алдыдагы үч айда сыгандардын мыйзамсыз 300 лагерин жабууну пландоодо.

XS
SM
MD
LG