Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Ноябрга чейин бардык жабыркагандар үй менен камсыз болот


Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Ошто маалымат жыйында билдирди. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Аилшер Токсонбаевдин дирекциянын маалымат борборунун маалыматына таянып билдиргени боюнча, 15-ноябрга чейин түштүктөгү улут аралык жаңжалда жабыркап, үйсүз калган тогуз жүз чакты адам убактылуу үйлөр менен камсыз болот. Убактылуу үйлөрдү куруу аталган дирекция жана БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы тарабынан ишке ашууда.

Жалпысынан Ош жана Жалал-Абаддагы жаңжалда эки миңге чукул үй-бүлөнүн үй-жайы талкаланып, өрттөлгөн. Ж.Сатыбалдиев Ошто ушул тапта 75 батирлүү көп кабаттуу үй курулуп башталганын, ал тополоң учурунда жабыркаган медицина, билим берүү жана тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине берилерин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG