Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Бишкекте HRW уюмунун баяндамасы айрылды


Бүгүн Бишкекте “7-апрель” кыймылы HRW уюмунун баяндамасына каршы акция өткөрүп, анда аталган уюмдун өкүлдөрүн түштүк окуяларын иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын курамына киргизбөө талабы коюлду. Кыймыл жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ал аталган уюмдун түштүк окуяларын иликтеген көлөмдүү баянын Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдында айрыды. Ал түштөн кийин “HRW уюмунун баяндамасы кабылданбасын” деген аталыштагы акциясын ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында улантат.

16-августта HRW уюму түштүктөгү окуялар боюнча иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыя кылган. Баяндамада өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп, же кокустуктан өзбектерге каршы чабуулдарга аралашып кеткени айтылат. Ошондой эле тартип коргоо органдары өзбек коомчулугун тиешелүү деңгээлде коргоого албаганы белгиленип, өкмөттүн июндагы коогалаңдын астейдил иликтенишине анча кызыкпай жатканын сындаган. Андан тышкары баяндамада коогалаңдын башталышына өзбектердин лидерлери себепчи болгону да айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG