Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Ошто А. Рыскулованы митингичилер сүйлөшүүлөрдөн кийин кое берди


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, Ош шаарында иш сапарында жүргөн Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Айгүл Рыскулованы Ош облустук администрациянын алдында митингге чыккан 15-20 адам кармап алышкан. Алар А.Рыскулованы шаар мэри Мелис Мырзакматовду азыркы өкмөт кетирип жатат деп айыптаган. Өз кезегинде министр айым алар өз иштери менен жүргөнүн, бул окуяга тиешеси жоктугун жана бул жогорку деңгээлде чечилчү маселе экенин белгилеген.

А.Рыскулова өзү “Азаттыкка” аны эч ким урбаганын, Ош шаарында чогулгандар аны кармап алып, М.Мырзакматовдун өз кызматына коюлушун талап кылганын белгиледи. “Митингчилер бизди машинага отургузбай, машинени аңтарып жиберүүгө аракет кылышты. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин кое беришти”, - деди А.Рыскулова. (КЕ)

XS
SM
MD
LG