Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Ошто мэрди колдогон митингге келгендер тарады


Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. Мындан мурдарак Ош шаарынын борбордук аянтына чогулган үч миңден ашуун адамдын алдына вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров чыгып, Мелис Мырзакматов өз ордунда калганын жарыя кылды. Чогулгандар алдына чыккан М.Мырзакматов да ага Бишкекте айрым министрлик кызматтар сунушталганын, бирок алардан баш тартканын билдирген. Маалыматка ылайык, аны А.Бекназаров өзү мэриянын имаратына алып кирип, ордуна отургузду.

Кечээ расмий Бишкек Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовду кызматынан алуу боюнча чечим кабыл алгандыгы тууралуу сөз тараган. Анын негизинде Мырзакматовдун тарапкерлери Оштун борбордук аянтта эки күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жатышкан. Президенттик администрация бул жаңжал боюнча түшүндүрмө берген жок.

Июнь окуяларынан кийин Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовду эл аралык уюмдар жана коомчулуктун бир бөлүгү улутчул мамлекеттик кызматкер катары сындап келатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG