АКШнын Виржиния штаттык сотунда 400 миң доллар сандагы пара алган деген айып коюлуп, күнөөлүү деп табылган 27 жаштагы Майкл Даггер 15 жылга кесилди. АКШнын Адилет министрлиги билдиргендей, Даггер Ооганстандын батышындагы Логар аймагында америкалык аскер базасынан күйүүчү майды уурдоо боюнча алдамчылык аракеттерге катышкан экен.
АКШда Ооганстандагы согушта пара алды деп шектелген мурдагы америкалык сержант күнөөлүү деп табылды