Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Ажылык сапардын баасы аныктала элек


Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынын билдиришинче, азырынча алар ажылык сапарга баруунун калькуляциясын эсептеп чыга элек.

Кечээ маалымат жыйында “Кыргызстан жана Орто Азия Мусулмандар Конгресси” коомдук бирикмесинин президенти Бакыт Нурдинов быйыл ажылык сапар арзандап, зыяратчылар 2400 доллардын ордуна 2000 доллар төлөөрүн айткан болчу.

Быйыл ажылык сапарын уюштуруу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылган. Агенттик ажылык сапардын баасын аныктоого Бакыт Нурдиновдун эч кандай тишеси жок экендигин, ал божомол гана бааны айтканын белгилейт.

Кыргызстан үчүн Мекеге барып, ажылык зыяратын жасоочулар үчүн 4,5 миң орун бөлүнгөн. Алардын эки миңи аялдар болору жана зыяратчылар учак менен гана барары мурда айтылган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG