Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Кытайда Янцы дарыясы ташып, Донтинг шаары суу астында калды


Кытайдын түндүк чыгышындагы суу ташканга кабалган аймактан 50 миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Өкмөттүк Синхуа агенттигинин кабарлашынча, Кытай жана Түндүк Корея аркылуу аккан Янцы дарыясы жума күнү катуу жаандан улам ташып, Донтинг шаарында үйлөр жана көчөлөр суу астында калган.

Кытайдын метеорология кызматы ишемби күнү өлкөнүн түндүк чыгышында, ортолук бөлүгүндө жана түштүк батышында жаан 24 саат бою нөшөрлөп куярын билдирди.

XS
SM
MD
LG