Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Ош шаарында миңден ашык адам жер которгонго аргасыз болгон


Ош шаардык миграция комитетинен “Азаттыктын” кабарчысы Алишер Токсонбаевге билдиришкендей, июнь айындагы жаңжалдан кийин Ош шаарынын ичинде эле жер которууга аргасыз болгондордун саны 1127 адамга жетти. Алардын көбү үйү өрттөлгөнүнөн улам журт которгондор. Учурда Оштогу «Жаштык» балдар лагеринде жер которгон жетимиш чакты үй-бүлө - эки жүзгө жакын адам баш калкалоодо.
Июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн жаңжалдан улам 393 адам каза болгон. 2327 жаран жарадар болуп ооруканага кайрылган. Эки облуста 1859 турак-жай жараксыз абалга келген.
(KKs)

XS
SM
MD
LG