Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

МВФ: Пакистанды калыбына келтирүү албан иш


Эл аралык валюта кору - МВФтин билдиришинче, Пакистандын эбегейсиз суу ташкындан соң калыбына келтирүү “теңдешсиз чоң экономикалык жүк”. Ушундан улам МВФ Пакистандын финансылык абалын жана бюджетин изилдеп, кантип көмөктөшүүнүн жолун изилдеп көрөт. “МВФ Пакистандын башына түшкөн катаал мезгилде бирге болуп, өз жардамын берет”,- деп белгиленет кордун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия департаментинин башчысы Масуд Ахмеддин билдирүүсүндө. Билдирүү МВФ менен Пакистандын өкүлдөрүнүн Вашингтондо болчу кездешүүсүн утурлай жасалды.

Селдин коркунучуна байланыштуу Пакистандын түштүгүнөн дагы 200 миң чамалуу адам коопсуз жайларга шашылыш көчүрүлдү.

Ырасмий Исламабаддын маалымдашынча, табигый апааттан жабыркаган өлкөнү калыбына келтирүү үчүн 15 миллиард доллар керек. Суу ташкында 1600гө жакын адам өлүп, 20 миллиондой адам жабыр тартканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG