Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Таанылбай жаткан сөөктөрдү изилдөө Орусияда жүргүзүлүүдө


Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Динара Сагынбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларында каза болуп, сөөгү тааныла элек 54 адамдын кимдигин тактоо иши Орусияда башталды. Коогалаңда жакындарын жоготкондордун кан анализдери жана таанылбай калган сөөктөрдөн биологиялык материалдар чогултулуп, жалпы 201 үлгүнү атайын топ Орусияга жеткирип келди. Эми таанылбай жаткан сөөктөрдү тактоо иши Москвадагы шаардык соттук-медициналык экспертиза бюросунда улантылмакчы. Экспертизанын жыйынтыгы бир айдын ичинде белгилүү болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG