Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковдун “Мен арызданам” трагикомедиясы Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма-театрында даярдалууда. Драманын негизги идеясы коомчулукта орун алып жаткан паракорчулук, ичи тардык, көралбастыкты сүрөттөйт. Спекталклдин бет ачары жакында өткөрүлмөкчү. Анын режиссеру “Азаттыктын” кабарчысы Аманбек Жапаров, сүрөтчүсү Шарип Жайлообаев. (КЕ)