Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Өзбекстанда бир айдан бери кармалып турган 11 адам Кыргызстанга келди


Кадамжайдан Ошко келатканда Өзбекстандын аймагына тиешелүү Жабагы (Ябаги) аймагында бир айга чукул убактан бери кармалып турган 11 адам Кыргызстанга келди. Алар Кыргызстандагы ири кен казчу ишканаларга жардыргыч заттарды алып келип берүү кызматын көрсөткөн “Кыргызгеолтехкомплект” ишканасынын беш айдоочусу жана түштүктөгү окуяга байланыштуу аларды коштоп барган Ички иштер министрлигинин алты кызматкери болчу. Аталган ишкананын башкы адиси Таалай Кудушевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, алардын Тажикстандан Кыргызстанга алып келе жаткан 40 тоннадан ашуун жардыргыч заты ошол аймакта калган.
“Эми биз ал жүктү алып келүү үчүн атайын документтерди даярдап жатабыз. Бул Өзбекстандын мыйзамына ылайык, ошол өлкөдөн жүк ташып өтүү шарты боюнча даярдалат. Бул бир айды алат экен”, - дейт Т.Кудушев.

Мурда кабарлангандай, Кадамжайдан Ошко келатканда Өзбекстандын Жабагы айылына өтмө бекет түштүктөгү коогалаңдан кийин коюлган. Өзбек тарап аталган ишканадан ташылып келе жаткан жүк чын эле геология тармагына иштетилгенин тастыктаган кагаз талап кылган. Ал эми ал аймакта кармалган адамдар эки тараптуу сүйлөшүү жана тиешелүү документтер даярдалган соң, бир айдан кийин Кыргызстанга мындан үч күн мурда өткөрүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG