“Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, алтын медаль үчүн таймашта 69 кг салмактагы Кыргызстандык боксчу Исламжан Далибаев каршылашы Бразилиялык Давид Лауренкодон 2:1 эсебинде утулуп калды. Эми ал 24-августта түркмөнстандык спортчу Нурсахат Пайзуев менен коло байге үчүн беттешет.
Мындан тышкары спорттун беш түрү боюнча катышып жаткан спортчу Ильяз Бактыбеков фехтованиеден жетинчи, сууда сүзүүдөн жыйырма үчүнчү, тапанча атууда жыйырма экинчи орунда келе жатат.
14-августта башталган олимпиадага Кыргызстандын атынан сегиз жаш спортчу катышып жатат. Спорттун 29 түрү боюнча олимпиадалык таймашуулар 26-августка чейин созулат. Олимпиадада эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3,5 миңден ашуун спортчулар мөрөй талашууда.(AzK)