Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Иран ракета менен куралданган эки согуштук кемени кура баштады


Иран 40 чакырым аралыкка чейинки аралыктагы буталарды жок кылчу ракеталар менен куралданчу эки согуштук кемени курууга киришти. Өкмөттүк ИРНА жаңылыктар агенттигинин Коргоо министри Ахмад Вахидиге шилтеп билдиришинче, “армия Перс булуңундагы, Оман деңизинде жана Урмуз кырсыгындагы коопсуздукту камсыздагандай болушу керек”. Ырасмий маалыматта согуштук кемелер күзөттө жана чабуулда пайдаланылат деп айтылат.

Жарым өкмөттүк Фарс агенттигинин кабарлашынча, жаңы кемелер үч тоннага чейинки бутаны таш-талкан кыла алат.

22-августта президенти Махмуд Ахмадинежад өлкөдө Ислам Республикасынын душмандарын тындым кылчу пилотсуз учактарды жасоо планы бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG