Өзөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, Ноокен районунун Бүргөндү аймагында жашаган үч тургун Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жаткырылды. Буга чейин бул дарт менен катталып, ооруканада жаткан Калыс Раимбек кызы айыгып чыкты. Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери бул илдетке чалдыккан 27 киши катталган. (AzK)