Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Статс-катчылардын ролу жана жоопкерчилиги күчөтүлдү


Президент Роза Отунбаева өлкөдөгү статс-катчылардын институтун күчөтүү жана алардын жоопкерчилигин арттыруу тууралуу жарлыкка кол койду.

Ушул таптагы мамлекеттик башкаруу системасынын эффективдүүлүгүн анализдөө учурунда, мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдык базада бир катар кемчиликтер аныкталык, көптөгөн талаптарга жооп бербеси анык болгон. Алардын эң негизгилери - статс-катчылык кызматтарда туруктуулук принциптеринин жоктугу, ишке зыяны тийбегендей жумушту өткөрүп берүү механизмдеринин иштелип чыкпаганы сыяктуу жагдайлар.

Эми жарлыкка ылайык мындан ары статс-катчылар ошол мамлекеттик органдын бирдиктүү кадрдык саясатын, стратегиялык башкаруусун жана иш процессин пландоону, мекеменин ишин анализдөө жана сунуштарды даярдоону, башкаруунун алдыңкы технологияларын мамлекеттик органга киргизүүнү жана башка бир катар жумуштарды аткармакчы. Ал эми статс-катчылык кызмат министрдин биринчи орун басары кызматына барабар болмокчу. Андан тышкары статс-катчылар жумушчуларды кызматтан алуу жана орноштуруу сыяктуу укуктарга да ээ болууда. Ошону менен катар алардын ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлдөө механизмдери да киргизилип, жыл сайын статс-катчылардын рейтинги чыгарылып турмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG