Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Евробиримдик 130 миллион евро бермей болду


Европа биримдиги үч жыл аралыгында Кыргызстанга ар кыл долбоорлордун алкагында 130 миллион евро бөлүп бермей болду. Бул тууралуу Экономикалык тескөө министрлигинин маалымат кызматы билдирет. 130 миллиондун беш миллиону гуманитардык жардам катары берилмекчи. Өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана демократиялык процесстерди өркүндөтүү багытына жети миллион евро, парламенттик шайлоонун колдоо иретинде биринчи этапта эки миллион евро жана техникалык колдоо иштерине 10 миллион евродон ашык каражат бөлүү каралган. 2010-жылдын соңуна чейин көрсөтүлчү жардамдардын суммасы 47,7 миллион еврону түзөт. Ал эми 2012-2013-жылдар үчүн 55,5 миллион евро бөлүү караштырылган. Аталган каражаттарды берүүнүн шарттарын тараптар дагы тактап сүйлөшүшмөкчү. Бирок алдын-ала маалыматтар боюнча бул каражаттар ийкемдүү шарттарда берилмекчи. (IJz)

XS
SM
MD
LG