Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Армения: «Жарангутюн» партиясы жаңы армян-орус аскерий келишимге тынчсызданууда


Оппозициялык саясатчылардын мындай тынсыздануусуна Армениянын расмий бийлигинин Орусия менен алакасы Тоолук Карабак боюнча Азербайжан менен талашка кандай таасир берери негиз болуп, алар ошол эле учурда расмий Москваны Азербайжанга өтө мыкты үлгүдөгү эС-300 абадан коргонуу ракетасын сатканы үчүн айыптады.

«Жарангутюн» партиясынын төрагасы Рубен Хакобиян өткөн жумда Орусия-Армения кол койгон жаңы келишим Карабактын коопсуздугуна кандай кепил болоору ачык-айкын эместигин айтты. Рубен Хакобиян жана партиянын парламенттик фракциясын жетектеген Степан Сафариян орусиялык аскерий базанын 2044-жылга чейин калтуруу канчалык керектүү чечим экендиги күмөн санатаарын билдирди.

Өткөн жумада бараандуу жана таасирдүү оппозициялык топ болуп саналган Армениянын улуттук конгресси дагы ушундай эле айыптоо менен чыккан.

XS
SM
MD
LG