Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Ош шаарында бир көчөдө тополоңдон бери газ жок


Ош шаарынын Жогорку Увам көчөсүнүн тургундарынын билдиришинче, 400 чакты үй-бүлө июндагы коогалаңдан бери «көгүлтүр отсуз» олтурат. Жашоочулардын жергиликтүү жана жогорку бийликтерге кайрылуусунан майнап чыкпай жатат. Алар чыдамы түгөнгөндүктөн, борбордук аянтта нааразычылык акциясын баштоого камданышууда.

«Ошгаз» ишканасынын жетекчиси Маматкалык Аматовдун кебине караганда, бул аймакта этникалык жаңжал учурунда газ куурлары катарынан өрттөлүп, андан мамлекет тогуз миллион сомдук зыянга учураган. Ошо бүлүнгөн жайларды калыбына келтирүү үчүн каражат бөлүнө элек, демек, жогорку увамдыктар жакында газдуу болоору күмөн. (ATo)

XS
SM
MD
LG