Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Кыргыз-кытай тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол коюлду


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, бүгүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытайга иш сапары башталды.Күндүн биринчи жарымында министр Кытайдын төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри жана Кытайдын банкты өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасы менен жолугушту. Анда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тышкы иштер министрликтер ортосунда 2011-2012-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлду. Министрдин иш сапары 3 күнгө созулат. (AzK)

XS
SM
MD
LG