Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

БУУ: Кыргызстандын 1 миллион 400 миңдей тургуну азык –түлүк тартыштыгын сезүүдө


БУУнун Азык –түлүк программасынын июль айындагы иликтөөлөрү мына ушундай тыянак берген. 1 миллион 400 миң адам - Кыргызстандагы кожолуктардын төрттөн бир бөлүгү. Ошондой эле аталган уюмдун эсептөөлөрүнө караганда, алдыдагы айларда тойо тамак ичпегендердин катарын дагы 340 миң адам толукташы мүмкүн. Алар негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. БУУнун Азык –түлүк программасы белгилегендей, өзгөчө тынчызданууну улут аралык кагылыш орун алган Ош менен Жалал –Абаддагы кырдаал жаратууда. Аталган уюм бул аймактагы азык-түлүк коопсуздугу коркунучта деп эсептейт. Андыктан БУУнун Азык –түлүк программасы кышты утурлай Кыргызстандагы иштерин кеңейтерин билдирүүдө. Уюмдун маалыматына караганда, сентябрь айынан тарта июндагы тополоңдордон көбүрүрөөк зыян тарткан аймактарда 287 миңдей адамга азык-түлүк таратыла баштайт. (UE)

XS
SM
MD
LG