Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Таиланд орусиялык курал соодагерин АКШга өткөрүүнү токтото турат


Бул тууралуу Таиланддын премьер-министри Абхисит Ветчачива билдирди. Сергей Бут ысымдуу орусиялык ишкерге АКШ террорчуларга курал саткан деген айып коюуда. 2008-жылдын март айынан бери Таиланддын түрмөсүндө олтурган Сергей Бут Кошмо штаттарга бүгүн жөнөтүлөт деп күтүлгөн. Бирок өлкө премьер- министринин бүгүнкү сөздөрүнө караганда, өткөрүп берүү Сергей Буттун иши боюнча укуктук жараян уланып жатканына байланыштуу кийинкиге калтырылат. Кабарларга караганда, бул Сергей Бутка АКШ көз бойомочулук жана арам акчаны адалдоо боюнча жаңы айып коюп жатканына байланыштуу болушу мүмкүн. Сергей Бут өзү күнөөсүз экенин айтса, Орусиянын өкмөтү анын АКШга өткөрүлүп берилишине каршылык билдирген. АКШ Сергей Бут саткан курал-жарак Түштүк Америкада, Жакынкы Чыгышта, Африкада жарандык согуштарда колдонулган деп эсептейт. Курал соодасынан тышкары америкалык жарандардын өмүрүнө кол салууну көздөгөн кутумга катышкан, чет элдик террордук уюмдарга материалдык же ресурс жагынан колдоо көргөзгөн деген айыптар тагылып жаткан Сергей Бут күнөлүү деп табылса, өмүр боюу түрмөгө кеилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG