Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Жайыттарды жакшыртуу боюнча илимий негиздер иштелип чыгууда


Мал чарбачылыгы жана жайыттар боюнча илимий-изилдөө институту жылдын аягында бир-эки жылдык тажрыйбаларынын жыйынтыгын чыгарат.

Илимий иштер 2008-2009-жылдан бери Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Данакан, Кара-Таш капчыгайларында, Нарын районун Кара-Кужур өрөөндөрүндө, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кайыңды капчыгайында жүргүзүлүп келет. Адистер андагы өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө, аймактын түшүмдүүлүгүнө байкоо салышат. Иш-чара “Агроскоп” швейцариялык институтунун адистери менен биргеликте жасалууда.

Илимий изилдөөлөрдүн негизинде Жайыттар боюнча департаменти айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча планын түзөт. Жайыттарга байланыштуу бардык иш чаралар “Айыл чарбалык тейлөө, инвестициялар” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Долбоорду эл аралык донорлор каржыламакчы. (AzK)

XS
SM
MD
LG