Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Бишкек шаар соту “Альфанын" командирин абакта калтыруу чечимин чыгарды


“Альфа-Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук кызматынын атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмазбек Жолдошалиевди камакта кармоо чечимин чыгарды. Алмазбек Жолдошалиев УКМКнын убактылуу тергөө абагында кармалып турат. Ал менен кошо айыпталып жаткан жети кызматкер үй камагына алынган. Алмазбек Жолдошалиевдин адвокаттары соттун чечими менен макул эместиктерин билдирип, бул иш боюнча Жогорку Сотко кайрылганы жатышат.

Бүгүн Бишкек шаардык соту сот жараянын УКМКнын имаратында өткөрдү. Анын алдында Жолдошалиевдин 150гө чукул жактоочулары пикет уюштурушту. Алар “Альфа” тобуна коюлган айыптар негизсиз экенин жана бул ишти аскердик сот карай тургандыгын билдирип жатышат. Алмазбек Жолдошалиев 7-апрелде “Альфа” тобу Ак үй алдындагы ок атууга катыштыгы бар деген айыптоолордун негизинде жоопко тартылып жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG