Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы Кыргызстандагы ишин кеңейтет


БУУнун Азык-түлүк программасы Кыргызстанда азык-түлүк баасы өскөндүгүн, түшүм быйыл начардыгын, өлкө түштүгүндө жүз миңдеген адамдар улут аралык кагылыштын кесепетин тартканын эске алуу менен кышты утурлай өлкөдөгү операцияларын кеңейтерин билдирүүдө.

Аталган уюмдун эсебине караганда, Кыргызстанда азыр 1 миллион төрт жүз миңдей адам азык-түлүктүн тартыштыгын сезүүдө жана алардын катарына алдыдагы айларда дагы аз камсыз болгон катмардан 340 миңдей киши кошулуусу мүмкүн.

Уюмдун Кыргызстанды да тейлеген Каирдеги кеңсесинин өкүлү Абир Етефа айым бүгүн кабарчыбыз менен маегинде алар жогорудагыдай жыйынтыкка атайы жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында келгенин билдирди:



-Ооба, Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы тарабынан азык-түлүк коопсуздугун баалоо үчүн жалпы өлкө боюнча июль айында чукул иликтөө жүргүзүлдү. Ал иликтөө Кыргызстандагы кожолуктардын төрттөн бир бөлүгү же 1 миллион 400 миңдей адам азык-түлүк менен камсыздалышы жагынан коопсуз эмес экенин көргөздү. Бул тамак-ашка жетүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору деп эсептелген жай ортосунда орун алып олтурат.

-Сиздер жогорудагыдай жагдайдан улам Кыргызстандагы ишиңиздерди күчөтөрүңүздөрдү билдирип жатасыздар. Конкреттүү айтканда ал кандай чаралар болот?

-Азыр ар түркүн долбоорлор иштеп жатат. Тамак-аш таратуу, албетте, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы ишинин өзөгү. Жайындагы кагылыштардан жабыр тарткан жана тамак-ашы жетишсиз 287 миңдей тургун сентябрдан тарта бери дегенде жыл соңуна чейин, ай сайын бир айлык рационго эсептелген тамак-аш ала баштайт. Мындан сырткары келерки айда өлкө ичинен жер которгон 37 миңдей адамга накталай акча түрүндө жардам көргөзүүнү мерчемдеп жатабыз. Акча аларга биз тараткан рациондон тышкары кошумча тамак-аш сатып алуусу үчүн берилген.

-Жогорудагы программалардан улам Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы Кыргызстанга мерчемделген бюджетин мурдагыдан көбөйтүп жатабы. Бул акчалай эсептегенде канча болот?

-Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы Кыргызстанда катуу кыштан зыян тарткан дыйкандарга жардам көргөзүү боюнча чакан долбоорду ишке ашырып келген. Бул долбоор азыр тамак-аш менен жетишсиз камсыз болгон, жайдагы кагылыштардан жабыр тарткан адамдарды да камтуу менен кеңейтилди. Бул долбоордун бюджети 12 миллион доллардан ашуун. Азыр донорлордон акча ала баштадык. Бирок 2010-жылдын декабрына чейин биз ошол 12 миллион доллардан ашуун каражатка муктажбыз.

-Кыргызстандын муктаж тургундарына таратылуучу тамак-ашты ички базардан эле сатып аласыздарбы:

-Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын саясаты боюнча биз ички базарга да байкоо салабыз. Жергиликтүү базарды стимулдаштыруу үчүн анын өзүнөн сатып алууга аракеттенебиз. Эгер керектүү азык-түлүк табылбай калса же баасы ылайык келбесе дүйнө боюнча сатып ала беребиз. Мисалы Кыргызстанга мисалы буудай, ун, башка дан азыктарын сырттан алып келебиз.



  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG