Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда сырдуу жагдайда каза табышкан саясатчылардын, айрым жарандардын өлүмдөрү боюнча козголгон кылмыш иштери кайрадан кошумча иликтөөгө алынууда. Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин Варшава шаарында маң заты менен кармалышы боюнча ачылган кылмыш иштери кайра иликтенүүдө. Ошондой эле бул сыяктуу кылмыш иштеринин арасында 2005-жылы Жалал-Абад шаарындагы Улуттук банктын филиалынан 22 миллион сомдун уурдалышы фактысы да бар. (IJz)