Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

КТРКнын байкоочулар кеңеши жетекчисин шайлады


Президент тарабынан кечээ бекитилген КТРКнын (мурдагы УТРК) 15 адамдан турган байкоочу кеңеши бүгүн алгачкы отурумга чогулду. Анда кеңештин жетекчисин шайлоо маселеси каралып, Элвира Сариева анын төрайымы болуп калды. Байкоочулар кеңешинин жетекчилигине аны менен бирге Жедигер Саалаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, жыйынтыгында он беш адамдын он экиси Элвира Сариевага добуш берген. Бул тууралуу байкоочулар кеңешинин мүчөсү Данияр Садиев “Азаттыкка” кабарлады.

Элвира Сариева буга чейин “Интернюс-Кыргызстан” уюмун жетектеп турган коомдук ишмер жана журналист. Ал Улуттук телеканалдын иштебей жатып тарап кеткен мурдагы байкоочулар кеңешинин да мүчөсү болгон. 7-апрел ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт Улуттук телеканалды Коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу демилгесин козгоп чыккан.

Коомдук телекөрсөтүүнүн байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүн бекиткен жарлыкка Роза Отунбаева 25-августта кол койгон. Ага ылайык биринчи шайланган кеңеш үч, кийинкиси беш жылга дайындалат.

Кыргызстандын Коомдук ТВ жана Радио компаниясы (КТРК) - мурда УТРК, андан да мурда КТР деген шарттуу кыскача аталыш менен маалым болгон жана бүткүл өлкөнүн басымдуу бөлүгүнө өз берүүсүн жеткире алган ири компания. Азыркы бийлик өкүлдөрү мурда оппозицияда кезинде аны коомдук сыналгы жана үналгы компанияга айлантуу талабын билдирип келген. Мындай талап 2005-жылдагы март ыңкылабы маалында да көтөрүлүп, бирок ишке ашпай калган эле.
(КЕ)

XS
SM
MD
LG