Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Кыргызстандыктар дарыгерлерге берген бейформал төлөмдөргө нааразы


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Фатима Турусбекова билдирди. Анын айтымында, аталган бөлүмгө ушул жылдын жети айында миңге чукул адам кайрылса, алардын көбү дарыгерлерге берген бейформал төлөмдөргө нааразы экенин билдиришкен. Ошондой эле сапатсыз дарылоого, дарыгерлердин орой жана кайдыгер мамилесине жана ооруканалардагы шарттын жакшы эместигин белгилеп кайрылышкан. Ф.Турусбекова териштирүүдөн кийин кошумча төлөмдөрдөн ашык каражаттар ээлерине кайтарылып берилерин белгилеген. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG