Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Нарында cогуш ардагерлери А.Кулматовдун кайрадан мэр болушун каалашат


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Нарын шаарынын тургундары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана майыптары Балтакун Жапаров, Касымаалы Шадыкановдор билдиришти. Нарын шаарында жашаган көзү тирүү он бир ардагердин президент Роза Отунбаевага кайрылган себеби, алар Алмаз Кулматовду Нарын шаарынын мэри кызматына кайрадан коюп берүүнү өтүнүшөт.

«Улуу башыбызды кичик кылып, Роза Исаковна Сизге кайрылабыз, жаш балдардын уюшкан тобу кысымга алып кетирген саясаттан алыс, чарбачыл, жумушкер А. Кулматовду кайра ордуна бекитип бериңиз. Ал шаарда 50 жыл суу чыкпаган жерге таза суу чыгарып, акыркы 20 жылда оңдолбогон Нарындын жолдорун оңдой баштаган, анын кызматтан кетүүсүнө шаардык кеңештин депутаттары макулдук берген эмес», деп айтылган ал кайрылууда.

Кайрылууга учурда көзү тирүү он бир ардагер кол койгон. Ошондой эле А. Кулматовдун таламын талашкандар да кол топтоп, президентке кайрылуу жөнөтүп жатышат. Алардын ичинде Нарын шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери да бар. (JI)

XS
SM
MD
LG