Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

“Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу тасманын бет ачары болот

“Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу толук метраждуу тасманын бет ачары 30-августта Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында болот. “Санжыра” кинокомпаниясы чыгарган бул толук метраждуу даректүү тасманы тартуу идеясы эки жыл мурун жаралган. Режиссер Нурбек Эген азыркы заман жана адамдар тууралуу ой-жүгүртүүсүн жаш муунга арнаган.

“Анткени азыркы замандагы улуттук аң-сезим маселесин жана андагы өзүнүн ордун так ушул жаштар аныктап алуусу абзел”, - деп эсептейт Н.Эген. Тасмада коомдун ар кандай кесиптеги кызыктуу, көп кырдуу делген замандаштар тартылып, алардын тагдыры чагылдырылган. Режиссер муну менен Кыргызстандын учурдагы абалын көрсөтүүгө умтулган.
XS
SM
MD
LG