Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Бюджетке алты миллиард сомдой акча жетпейт


Быйыл жыл соңуна чейин өлкө бюджетине 6 миллиард сомго жакын каражат жетпей калышы ыктымал. Бул тууралуу Техникалык өкмөттүн быйылкы жыл чыгымдарын кыскартуу, ошондой эле алдыдагы үч жыл үчүн бюджеттик планды божомолдоого арналган жыйында айтылды.

Каржы министри Чоробек Имашовдун айтымында, быйыл бюджеттин киреше бөлүгү арбыбай, чыгымдоолор ыксыз көбөйүп кеткен. Маселен, бюджеттин кошумча чыгымдоолору 12 миллиард 437 миллион сомду түздү. Мындай шартта өкмөт, Каржы министрлиги бюджеттик чыгымдарды кыскартууга мажбур болду. Анын көлөмү 1 миллиард 913 миллион сомду түздү. Пайыздык катышы жагынан алганда жалпы чыгымдоолор ички дүң продукттун 42 % түздү. Ички дүң продукт көлөмүнүн жарымына жакын каражатты минтип жарым жыл ичинде жок кылып коюу эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп отурат.

Быйылкы жыл бюджети түзүлүп жаткан чакта бюджетти колдоого сырттан 5 миллиард 753 миллион сом келери белгиленген. Бул акча жыл ортосуна чейин берилмек. Бирок акча убада кылган донорлор каражат жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү токтотуп коюшкандыктан, бюджет өтө оор абалга кептелди. Ал эми жакында эл аралык каржы уюмдары Кыргызстанга 1 миллиард 200 миллион доллар берүүнү убада кылышса да, ал акча жалгыз Кытайдан гана келди. (IJz)

XS
SM
MD
LG