Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Өкмөт ишкерликти колдоо аракетин көрөт


Өкмөттүн алдындагы Ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялык кеңешинин бүгүн өткөн биринчи жыйынында президент Роза Отунбаева өкмөттүн башкы маселесинин бири - ишкерликти өнүктүрүү экенин белгиледи. Жыйында жеке менчик укугун жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо, мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, салыктарды жана салымдардын администрациялоону өркүндөтүү жана ишкерлерди текшерүүлөрдү жөнгө салуу сыяктуу маселелер каралды.

Ошондой эле анда инвесторлордун Кыргызстанга киришине жана иштешине жакшы мүмкүнчүлүк түзүү маселеси көтөрүлдү. Ал үчүн бул багытта мыкты мыйзам жана көз карандысыз сот системасын түзүү зарылдыгы айтылды. Айрым ишкерлер “үй-бүлөнүн” анчалык чоң тиешеси жок, бирок улутташтырылып кеткен кээ бир туристтик мекемелерди ишкерлердин өзүнө бериш керек деген пикирлерин айтышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG