Анткени Кытай Индиянын Кашмир штатынан чыккан аскер генералына виза берүүдөн баш тарткан. Былтыр эле “эмне үчүн Кашмирдин тургундарына башка типтеги виза берилет?”- деп Индиянын бийлиги Кытайга нааразылыгын билдирген болчу. Кашмир аймагын өзүнүкү деп эсептеген расмий Нью-Дели Кытайдын бул кадамын айыптап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык канчалык маанилүү болсо да, мындай маселелерге этият мамиле жасоо керектигин билдирди.